Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 12:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Долбоордун суммасы - 27 млн $. Кыргызстанда чакан ГЭС куруу үчүн инвесторлор изделүүдө

26.02.2024 12:07
293
Долбоордун суммасы - 27 млн $. Кыргызстанда чакан ГЭС куруу үчүн инвесторлор изделүүдө


"Чакан ГЭС" ААК кубаттуулугу 25 МВт болгон Папан суу сактагычынын дамбасына кичи ГЭСти куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча түз сүйлөшүүлөрдүн процедурасына чакырат.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунан билдиришкендей, долбоордун инвестициялык суммасы болжол менен 27 млн долларды тузөт. Инвестицинын акыркы суммасы ыйгарым укуктуу орган бекиткен долбоордук-сметалык документтерге ылайык аныкталат.

Сынакка катышууну каалагандар квалификациялык тандоо арызы менен конвертти 2024-жылдын 11-марты саат 16:00гө чейин Чүй облусу, Аламүдүн району, ГЭС-3 айылы, Суворова көчөсү, 113 дареги боюнча тапшырса болот. .

Долбоорго байланыштуу суроолор боюнча МЖӨ борборуна кайрылууга болот. Дареги: Бишкек шаары, Исанов көчөсү №87, кабат, 310-кабинет, тел.: +996 (312) 61 11 29.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн