Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:57
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Долбоорго акчасын салган инвесторлорду мамлекет өзгөчө коргоого алат деп кепилдик берем, - президент

30.06.2023 13:36
237
Долбоорго акчасын салган инвесторлорду мамлекет өзгөчө коргоого алат деп кепилдик берем, - президент


Президент Садыр Жапаров бүгүн Асман шаарынын курулушунун башталышына мезгил кутусун салуу аземинде инвесторлорду кызматташууга чакырды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө шаар курууга каралган жерден инвесторлорго чоң-чоң жер тилкелери бөлүнөрүн, аларга мамлекет тарабынан 100 пайыз кепилдик бериле тургандыгын баса белгиледи.

"Долбоорго акчасын салган инвесторлорду мамлекет өзгөчө коргоого алат деп ишенимдүү кепилдик бере алам. Асман акылдуу шаарын курууга катышам деген башка дагы инвесторлор болсо, азыр дагы кучак жайып тосуп алууга даярбыз. Келгиле, биздин уникалдуу долбоорубузга катышкыла, кыялыбызды ишке ашырып, акылдуу шаар куралы.

Акылдуу шаарыбыз эл жашаган конуш-жай же жумуш орундары эле эмес, инновациянын, экологиялык туруктуулуктун жана социалдык өнүгүүнүн символу болсун", - деген мамлекет башчысы башкаларга мындай жаратман иштер боюнча үлгү бололу деди.

Эске салсак, бүгүн, 30-июнда Ысык-Көлдө Асман эко-шаарынын курулушуна капсула салынды. Салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн