Бугу 11, 2024
Убакыт: 19:06
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Дональд Трамп: Полициянын колунан ак денелүү адамдар деле өлүп жатат

15.07.2020 12:56
872
Дональд Трамп: Полициянын колунан ак денелүү адамдар деле өлүп жатат


Америка Кошмо штаттарынын президенти Дональд Трамп афроамерикалыктардын укук коргоо органдарынын колунан өлтүрүлгөнү тууралуу маселени “коркунучтуу” кылып көрсөтүп жатат деп эсептейт.    


“Полиция кызматкерлеринин колунан ак денелүү адамдар деле өлүп жатат. Кандай коркунучтуу маселе. Керек болсо өлүп жаткандардын көбү ак денелүүлөр”, - деп билдирди CBS телеканалынын журналистине маек берип жатып.  


Маалыматтар боюнча, АКШда калктын 70 пайызын ак денелүүлөр түзөт, афроамерикалыктар 13 пайызга жакындайт. Көптөгөн изилдөөлөргө ылайык, алар кылмыштарды арбын жасашат дагы түрмөгө көп түшүп калышат. Кармоо учурунда жана каршылык көрсөтүп жаткан учурда полиция кызматкерлеринин колунан өлүм табышкандар көп.


Эске салсак, кара денелүү Джордж Флойд полиция кызматкеринин колунан өлгөндөн кийин май-июнь айларында АКШнын бир топ шаарларында каршылык акциялары жана башаламандык толкундары орун алган. Ошондой эле Black Lives Matter кыймылынын ишмердүүлүгү жанданып, кара денелүү калкка басым кылууга каршы чыгып келишет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн