Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:55
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Дональд Лунун Кыргызстандагы элчилик миссиясы аяктады (видео)

14.05.2021 15:04
1265
Дональд Лунун Кыргызстандагы элчилик миссиясы аяктады (видео)

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-майда, АКШнын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Луну дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.


Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы коронавирус пандемиясына каршы күрөштө берген жардамы үчүн америкалык тарапка ыраазычылыгын билдирди.

Президент Садыр Жапаров Дональд Луну АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, ал жаңы иши менен эки тараптуу кызматташууну чыңдоо үчүн билими жана тажрыйбасын жумшаарына ишенерин айтты.

АКШ элчиси Дональд Лу азыркы оор мезгилде америкалык тарап төмөнкү үч багытта кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи: гуманитардык жардам көрсөтүү, пандемиянын андан ары жайылышына каршы күрөшүү жана демократиялык кайра түзүмдөр.

Ошону менен катар калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөө жана пандемиянын кесепеттери менен күрөшүү маселелеринде өз ара кызматташууну арттырууга даяр экендигин билдирди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн