Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 18:57
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Драматург Асангүл Абдыгулованын “Элес” спектакли коюлду

10.05.2022 09:23
1391
Драматург Асангүл Абдыгулованын “Элес” спектакли коюлду

Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын эмгек жамааты драматург Асангүл Абдыгулованын “Элес” спектаклин койду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, спектаклдын режиссеру Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова. Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана жалпы коомчулук катышты.


"Жай турмуштан башталган жашоо, согуш жылдарындагы кайгылуу кан кечкен күндөр, тылдагы эмгекчилердин күжүрмөн эмгеги, жашоо, турмуш жана анда азаптуу күндөрдү эске салган чыныгы жашоону театр артисттери көз алдыга алып келди. Жашоо чындыгы, ага моюн сунуу окуясы көрүүчүлөрдүн арзуусуна татыды", - деп айтылат билдирүүдө.


Спектаклдин соңунда Азамат Жаманкулов чыгармачылык эмгек жамаатты куттуктап, спектклдеги ар бир образ абдан мыкты аткарылгандыгын белгилеп, мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалады.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн