Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 16:45
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Дүкөндүн кызматкери кардардын 850 миң сом менен унутуп калган сумкасын кайтарып берди

05.03.2021 10:57
1129
Дүкөндүн кызматкери кардардын 850 миң сом менен унутуп калган сумкасын кайтарып берди

Дүкөндүн кызматкери кардардын 850 миң сом менен унутуп калган сумкасын кайтарып берди. Бул тууралуу "Кабар" агенттиги билдирди. 


Окуя 1-мартта Бишкектеги дүкөндөрдүн биринде болгон. Дүкөнгө келген кардар ичинде өздүк документтери жана 850 миң сом болгон сумкасын унутуп кеткен. 

Дүкөн кызматкери окуянын жазылган тасмасын социалдык тармак аркылуу жарыялаган. 

Кардардын айтымында, ал эжесинин унаасун сатып, сумканы унаанын арткы отургучуна койгонмун деген ой менен жүрө берген. Бирок сумканын жок экенин билип, милицияга кайрылар замат досу чалып аны дүкөнчү издеп жатканын айткан.

Акчасы табылганына кубанган кардар дүкөнчүгө 20 миң сом сүйүнчү берген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн