2022-жылдын 13-майында Душанбе шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин, Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов жана Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары Вепа Хаджиев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери 2021-жылдын 6-августунда Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүүнү ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Жолугушуунун катышуучулары Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын үзгүлтүксүз жолугушууларынын жана регионалдык кызматташтыктын кеңири спектрин талкуулоо үчүн уникалдуу беш тараптуу аянтчанын маанилүүлүгүн белгилешти.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Ж. Кулубаев 2022-жылдын 21-июлунда Кыргызстанда өтүүчү Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусу регионалдык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө олуттуу салым кошот деген үмүтүн билдирди.