Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 15:10
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Дүйнө элине келген апаат оору үчүн кыргыз бийлигин гана күнөөлөй берелиби?

08.07.2020 17:20
1334
Дүйнө элине келген апаат оору үчүн кыргыз бийлигин гана күнөөлөй берелиби?


Акыркы бир нече суткадан бери өлкөбүздө коронавирус жана пневмония илдетинин жайылышы бир топ күчөдү. Күнүнө 300, 400, 500дүн тегерегинде жаңы учурлар катталууда. Ошону менен катар эле бул аты жаман оорудан улам каза болгондор да 30-40тын тегерегинде катталууда. Акыркы суткада эле коронавирустан 13, пневмониядан 44 адам өмүрү менен кош айтышты. Албетте, өтө кейиштүү, кайгылуу жагдай. Дарыгерлер калктын саламаттыгын сактап калуу үчүн күнү-түнү тынбай иш үстүндө. Бирок, тилекке каршы дарыгерлердин да, дары-дармектердин да, медициналык жабдуулардын да жетишпегендиги байкалууда. 


Мына ушундай оор кырдаал түзүлүп турган чакта интернеттеги социалдык түйүндөрдө өлкө башчысынын дарегине сын айткандар, алтургай чектен ашкан орой посттор жазыла баштады. Андай пикирлерди жазгандардын ой-жүгүртүүсүнө таяна турган болсок, коронавирус илдетинин кеңири жайылып кетишине президент гана күнөөлүү экен. 


Кандайдыр бир пост жазаарда, же пикир калтыраарда айта турган, жаза турган теманын алкагында өзүбүз да бир анализ жүргүзүп алсак туура болмок. Себеби, COVID-19 пандемиясы учурда бир гана Кыргызстанды сынап жаткан жери жок. Бул вирус биздин өлкөдөн да тарабады. Ал адегенде Кытайдын Ухань шаарынан чыгып, Европа мамлекеттерин аралап, аларды түмөн түйшүккө салып, андан кийин гана биздин коңшуларга, анан бизге жетти. Коронавирус өлкөбүздө адеп катталгандан тарта кыргыз бийлиги тиешелүү чараларды көрүүгө киришти. Адегенде өзгөчө кырдаал, андан кийин айрым аймактарга өзгөчө абал жарыяланды. Карантиндик шартта жашадык. Вирустан кантип сактануунун жолдорун теле-радиолордон күнүнө миң кайталап жатышты. Эки айга чукул карантинде жатканда «Бийлик жөн эле саясат кылып жатат, элди жөн эле камап жатат» деген сөздөрдү айтып, элди көчөгө чыгууга үндөгөндөр да болду. Эми ошолор эле кайра «Бишкекти карантинге жапкыла, бийлик такыр ойлонбой жатасыңар» деп айыптап жатышат. 


Эгерде биз бийлик тарабынан, медицина кызматкерлери тарабынан коюлган милдеттерди так аткарып, эл көп чогулган жайларга барбай, жеке тазалыкты сактап, бет кап тагынып жүрсөк, оору бүгүнкүдөй күч албайт болчу. Тилекке каршы, карантин бүтөөрү менен эле жарандар кучакташып учурашып, той-аштарды өткөрүп жиберишти. Ошондо биринчи кимди күнөөлөшүбүз керек болуп жатат? 


Экинчиден, пандемия учурда биз эмес, экономикасы өнүккөн ири державаларды да көйгөйгө салып турат. Бүгүнкү күнгө чейин бул илдетке чалдыккандардын саны дүйнө жүзү боюнча 11 910141 адамга жетти. 545 012 адам каза болду. Ал эми 6 832 833 адам айыгып чыкты. Илдетке чалдыккандардын саны боюнча АКШ биринчи орунда турат – 3 083 129 адам. Андан кийин Бразилияда – 1 668 589, Индияда – 743 481, Россияда - 694 230, Перуда – 309 278, Чилиде – 301 019, Испанияда – 299 210, Улуу Британияда – 286 349, Мексикада – 261 750, Иранда 245 688 адам илдетке чалдыкты. 


Коронавирустан каза болгондордун саны боюнча да АКШ биринчи орунда – 133 775 адам. Бразилияда 66 741, Улуу Британияда – 44 391, Италияда – 34 899, Мексикада – 31 119, Францияда – 29 933, Испанияда – 28 392, Индияда – 20 653, Иранда – 11 931, Перуда – 10 952, Россияда – 10 494. 


Демек, пандемия учурда дүйнөнүн алдыңкы өнүккөн өлкөлөрүн да алдастатып турат. Медицинасы күчтүү деген өлкөлөрдө да ооруканалар толуп, орундар жетишпей калууда. Бирок, алар бул жагдай үчүн өз өлкөсүнүн бийлигин гана күнөөлөп жатып алышкан жок. Башка түшкөн ооруну биргеликте, ынтымакта жеңели деген аракеттерди жасап жатышат. Андыктан биз дагы күнөөлүүнү гана издеп отуруудан алыс болгонубуз туура. Биз үчүн ооруну жеңүү маанилүү. Дүйнө мамлекеттеринин, дүйнө элдеринин башына түшүп турган апаатты кыргыз бийлиги гана ойлоп тапкандай күнөөлөгөнүбүз аша чапкандык. 


Ырас, тиешелүү мамлекеттик органдардын шалаакылыктары байкалды. Өкмөт жана Штаб мындайда ыкчам иш-аракеттерди жасашса болмок. Дары-дармектердин, медициналык жабдуулардын запасын камдап туруулары керек эле. Алардын шалаакылыгынан улам илдеттин жайылышы күчөп, оорулууларга өз учурунда камкордук көрүү маселеси аксап жатат. Бул боюнча буюрса жай турмушка кайтып келип алгандан кийин териштиргенибиз туура болот.


Канатбек Аскаров

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн