Дүйнөдө коронавирус илдетинен каза болгондордун саны 297 197 адамга жетти. Бул тууралуу пандемияга байланыштуу окумуштуулар ойлоп чыккан онлайн картада жарыяланды.
Маалыматка ылайык, илдеттен АКШда 84 199, Улуу Британияда 33 264, Италияда 31 106, Испанияда 27 104, Францияда 27 077, Бразилия 13 240, Белгияда 8 843, Германияда 7 861, Иран 6 783 киши каза болду.
Эске салсак, коронавирус илдети 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 вирусун 11-мартта пандемия деп тапкан. Учурда дартка чалдыккандардын саны дүйнөдө 4 347 015 бейтапты түздү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн