Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:55
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Дүйнөдө коронавирус аныкталган рекорддук сандагы учур катталды

22.06.2020 13:53
1064
Дүйнөдө коронавирус аныкталган рекорддук сандагы учур катталды


Өткөн суткада бүткүл дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуккан 183 020 учур аныкталды. БСУнун соңку маалыматы боюнча вируска кабылгандардын жалпы саны 8,7 миллион, ал эми Джон Хопкинс университетинин эсеби боюнча 8,9 миллион адам болду.


БСУ аталган сандын эң көбү (116 миңден ашык) Түндүк жана Түштүк Америкада катталды деп билдирди.

Буга чейинки рекорд – 150 миңден ашык учур 18-июнда катталган. Ал эми БСУнун башчысы Тедрос Гебрейесус 19-июнда дүйнө коронавирус пандемиясынын “жаңы жана коркунучтуу” фазасына кирди деп айткандыгын эске сала кетели.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн