Дүйнөдө COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 3,5 миллондон ашты. Бул тууралуу пандемияга байланыштуу окумуштуулар ойлоп чыккан онлайн картада жарыяланды.
Маалыматка ылайык, коронавирус илдетин жуктургандар 3 505 761 адамга жетип, вирустан көз жумгандардын саны 247 431ди түзсө, дагы 1 125 104 бейтап илдеттен айыккан.
Эске салсак, коронавирус илдети 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 вирусун 11-мартта пандемия деп тапкан. Учурда дартка чалдыккандардын саны Кыргызстанда 795 кишиге жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн