Бугу 10, 2024
Убакыт: 03:24
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Дүйнөдө коронавирус жуктургандар 4,5 миллионго жакындады

15.05.2020 09:18
893
Дүйнөдө коронавирус жуктургандар 4,5 миллионго жакындады


Дүйнөдө COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 4 442 163 адамга жетти. Бул тууралуу пандемияга байланыштуу окумуштуулар ойлоп чыккан онлайн картада жарыяланды.


Маалыматка ылайык, илдетти жуктургандар АКШда 1 417 774, Россияда 252 245, Улуу Британияда 234 440, Испанияда 229 540,  Италияда 223 096, Бразилияда 203 165, Францияда 178 994, Германияда 174 478, Түркияда 144 749, Иранда 114 533 кишиге жетти.

 

Ошол эле, учурда дарттан айыккандар АКШда 246 414, Германияда 150 300, Испанияда 143 374, Италияда 115 288, Түркияда 104 030, Иранда 90 539, Бразилияда 79 479, Кытайда 79 261, Францияда 59 719, Россияда 53 530 адамга жетти.


Эске салсак, коронавирус илдети 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 вирусун 11-мартта пандемия деп тапкан. Учурда дартка чалдыккандардын саны дүйнөдө 4 347 015 бейтапты түздү.






Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн