Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 14:36
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Дүйнөдө коронавирус илдетинен каза болгондор 400 миңден ашты

07.06.2020 10:01
873
Дүйнөдө коронавирус илдетинен каза болгондор 400 миңден ашты


Дүйнөдө COVID-19 инфекциясынан каза болгондордун саны 400 миңден ашты. Бул тууралуу пандемияга байланыштуу окумуштуулар ойлоп чыккан онлайн картада жарыяланды.


Маалыматка ылайык, дартты жуктургандардын саны 6 930 918 адамга жетти. Ошол эле учурда 3 392 735 бейтап оорудан сакайды.


Ал эми бир сутка ичинде вируска чалдыккандардын саны 130 миңден ашкан. 


Учурда 3 084 142 кишиде оору симптому жок жеңил түрдө өтүп жатса, 53 569 бейтап оор абалда жатат.


АКШ инфекцияны жуктургандардын жана андан каза болгондордун саны боюнча алдыда – 1 980 879 адам жуктуруп, 111 858 киши көз жумган. Экинчи орунда 651 980 бейтап вирусту жуктуруп алган Бразилия, ал жакта 35 211 адам каза болгон. Улуу Британия көз жумгандардын саны боюнча Бразилиядан алдыда, 40 465 бейтап каза болгон.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн