Бугу 04, 2024
Убакыт: 18:00
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Дүйнөдө коронавирус жуктургандар 7 миллиондон ашты

08.06.2020 12:04
933
Дүйнөдө коронавирус жуктургандар 7 миллиондон ашты


Дүйнөдө коронавирус дартына чалдыккандардын саны 7 015 128 адамга жетти. Бул тууралуу пандемияга байланыштуу окумуштуулар ойлоп чыккан онлайн картада жарыяланды.


Маалыматка ылайык,  АКШда 1 942 363, Бразилияда 691 758, Россияда 467 073, Улуу Британияда 287 621, Индияда 257 486, Испанияда 241 550, Италияда 234 998, Перуда 196 515, Францияда 191 102, Германияда 185 750, Иранда 171 789, Түркияда 170 132, Чилиде 134 150, Мексикада 117 103, Пакистанда 103 671 жана Сауд Аравияда 101 914 адамдан инфекция аныкталган.


Ошол эле учурда вирустан айыккандар 3 142 440 кишиге жетип, оорудан 402 852 бейтап каза болгон.


Эске салсак, коронавирус илдети 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 вирусун 11-мартта пандемия деп тапкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн