Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 14:51
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны беш миллиондон ашты

21.05.2020 14:59
1220
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны беш миллиондон ашты


Жон Хопкинс атындагы университеттин билдирүүсүнө караганда, дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын жуктурган кишилердин саны беш миллиондон ашты.

Алардын басымдуу бөлүгү АКШ жарандары. Кошмо Штаттарда 550 миңден ашуун адам COVID-19 илдетине чалдыккан. Андан кийин Россияда 317 миң учур, Бразилияда 293 миң учур катталды. Вирус көп жайылган бешилтикке Улуу Британия менен Испания да кирди.

Дүйнөдө жалпысынан 329 миң киши коронавирус жуктуруп алгандан кийин көз жумду. Биринчи орунда Кошмо Штаттар турат: 93 миң киши набыт болду. Вирус Улуу Британияда 35 миң, Италияда 32 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды. Бешилтикте Франция менен Испания да бар.

Бразилияда соңку суткада эле коронавирусту 20 миңге чукул адам жуктуруп алып, 889 адам өлдү. Эпидемия башталгандан бери 18 860 киши кайтыш болду. Сан-Паулу штаты жана анын административдик борбору вирустун очогуна айланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн