Бугу 04, 2024
Убакыт: 03:13
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Дүйнөдө коронавирустан каза болгондор 380 миңден ашты

03.06.2020 09:33
1077
Дүйнөдө коронавирустан каза болгондор 380 миңден ашты


Дүйнөдө коронавирус илдетинен каза болгондордун саны 380 250 адамга жетти. Бул тууралуу пандемияга байланыштуу окумуштуулар ойлоп чыккан онлайн картада жарыяланды.


Маалыматка ылайык, инфекциядан АКШда 106 180, Улуу Британияда 39 452, Италияда 33 530, Бразилияда 31 199, Францияда 28 943, Испанияда 27 127, Мексикада 10 637, Белгияда 9 505, Германияда 8 563, Иранда 7 942, Канада да 7 477 киши каза тапты.


Эске салсак, коронавирус илдети 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 вирусун 11-мартта пандемия деп тапкан. Учурда дарт 188 өлкөдө катталып, ага чалдыккандардын саны 6 729 527 бейтапты түздү. Вирустан айыккандардын жалпы саны 2 646 874 кишини туздү.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн