Бугу 10, 2024
Убакыт: 09:22
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 6 миллиондон ашты

05.07.2020 19:53
809
Дүйнөдө коронавирустан  айыккандардын саны 6 миллиондон ашты


Дүйнөдө COVID-19 илдетинен айыккандардын саны 6 078 552 адамга жетти. Бул тууралуу пандемияга байланыштуу окумуштуулар ойлоп чыккан онлайн картада жарыяланды.


Вирустан сакайгандар Бразилияда 990 731, АКШда 894 325, Россияда 449 995, Индияда 409 083, Чили 257 451, Иран 201 330, Мексикада 195 724, Италияда 191 944, Перуда 189 621, Гермнаияда 181 956, Түркияда 179 492, Испанияда 150 376 жана Сауд Аравияда 143 256 бейтапка жетти.


Ошол эле учурда ооруну жуктуруп алгандар 11 293 738 кишиге жетип, илдеттен 531 419 бейтап каза болгон.



Эске салсак, коронавирус илдети 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 вирусун 11-мартта пандемия деп тапкан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн