Бугу 03, 2024
Убакыт: 13:27
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Дүйнөдө коронаввирус илдетин жуктургандар 3 миллиондон ашты

28.04.2020 08:45
903
Дүйнөдө коронаввирус илдетин жуктургандар 3 миллиондон ашты

 

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын кабылгандар 3 040 709 адамга жетти. Бул тууралуу окумуштуулар иштеп чыккан онлайн картада жарыяланды.

 

Маалыматка ылайык, АКШда 988 189, Испанияда 229 422, Италияда 199 414, Францияда 165 963, Германияда 158 758, Улуу Британияда 158 348, Түркияда 112 261, Иранда 91 472, Россияда 87 147 адам илдетти жуктуруп алган.

 

Илдеттен айыккандар Испанияда тездик менен өсүп жатат, аталган өлкөдө 120 832 адам дартты жеңди. Ал эми Германияда 114 500, АКШда 111 337Кытайда 78 384, Иранда 70 933, Италия 66 624, Франция 46 293, Түркияда 33 791, Бразилияда 31 142  адам инфекцияны жеңди.

 

Эске салсак, коронавирус илдети 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 вирусун 11-мартта пандемия деп тапкан. Учурда дарттан каза болгондордун  саны 211 099 адамга жетти.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн