Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:36
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Дүйнөдөгү эң бийик чоку дагы өстү

09.12.2020 09:10
6609
Дүйнөдөгү эң бийик чоку дагы өстү

Дүйнөдөгү эң чоң чоку - Эверест дээрлик 90 сантиметрге бийиктеди. Жаңы ченемди Непал менен Кытай жарыялады. Тоо аталган эки өлкөнүн чек арасында жайгашкан. Эми чокунун бийиктиги 8848 метр 86 сантиметрди түзөт.


Буга чейин Эвересттин бийиктиги расмий түрдө 8848 метр деп эсептелип келген. Мындай баа 1950-жылы Индия жүргүзгөн өлчөмдөргө негизделген.


Эверест боюнча маалыматтарды жаңылоо үчүн адистер эки жолу чокуга чыгышып, бир нече жыл бою тактоо иретинде ченемдерди жана эсептерди жүргүзүшкөн. Геологдордун айтымында, тоонун бийиктиги тектоникикалык плиталардын жылышышы жана маал-маалы менен болуп турган жер титирөөлөргө байланыштуу өзгөрүп турат.



Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Кыргыз
Абдан кооз болсо керек ошол жака барып келсең а😍