Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Дүйнөдөгү эң чоң учак "Манас" аэропортуна конду

28.11.2021 23:07
1489
Дүйнөдөгү эң чоң учак "Манас" аэропортуна конду

Дүйнөдөгү эң чоң деп аталган Ан-225 "Мрия" учагы 2021-жылы 28-ноябрда "Манас" эл аралык аэропортуна конду. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти.


Маалыматка ылайык, узундугу 84 метр, бийиктиги 18,2 метр жана жайылган канаты 88,4 метрди түзгөн чоң аба кемесин дүйнөнүн бардык аэропорттору кабыл ала албайт.


"Мрия" Кыргызстанга үчүнчү жолу учуп келди. Буга чейин ал 2013 жана 2018-жылдары учуп келген.


Ан-225 "Мрия" - дүйнөлүк авиациянын тарыхындагы эң чоң жана жүк көтөрүүчү учак жалгыз гана нускада бар. Авиация майы менен толук толтурулганда 15 миң километрден ашык аралыкты басып өтө алат.


Учак СССРде бир жалгыз гана нускада Киев механикалык заводунда (долбоордун жетекчиси – В. И. Толмачев) 1984−88-жылдары долбоорлонгон жана жасалган. Учак биринчи жолу 1988-жылы 21-декабрда учкан.


Ан-225 учагын курулушунун максаты көп жолу колдонулуучу "Буран" космостук кеме долбоору үчүн аба транспорт системасын түзүү зарылчылыгы себеп болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн