Дүйнөдөгү эң кары аял көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары Гиннесстин рекорддор китебинин сайтына таянып билдирди.
Маалым болгондой, дүйнөнүн эң улгайган тургуну Люсиль Рэндон 118 жашында каза болгон. Ал 1904-жылы 11-февралда Франциянын түштүгүндө төрөлгөн.
Анын 119 жашка чыгышына 25 күн калган.
Рэндон 2022-жылдын апрель айында дүйнөнүн эң улгайган тургуну деп табылган. .
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн