Бугу 04, 2024
Убакыт: 04:37
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Дүйнөнүн 10 өлкөсүндө коронавирустун жаңы түрү катталды

Дүйнөнүн 10 өлкөсүндө коронавирустун жаңы түрү катталды

Улуу Британияда табылган коронавирустун жаңы түрү – B1525 дагы ондогон өлкөлөрдө, анын ичинде Дания, АКШ, Австралия, Нигерияда табылды. Бул тууралуу The Guardian басылмасы Эдинбург университетинин иликтөөчүлөрүнө таянуу менен билдирди.


Иликтөөдө эң биринчи учур декабрда аныкталганы жана Британия менен Нигерияда пайда болгону белгиленет.


Окумуштуулардын айтымында, жаңы штамм былтыр декабрда Британияда пайда болгон B117 вирусуна окшош. Бирок антителага каршы алда канча туруктуу. Британияда вирустун жаңы түрүнө 32, Данияда 35, Нигерияда 12 киши кабылган. Бир нече учур АКШ, Франция, Гана, Австралия, Канада, Иордания жана Испанияда катталган.


Соңку беш аптадан бери COVID-19 вирусун жуктурган учурлар азайууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун директору Тедрос Гебрейесус билдирди. Эгер жыл башында жума сайын 5 миллион киши вируска чалдыгып турса, азыр бул сан 2 миллионго чейин азайды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн