Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:18
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери видеоконференция аркылуу Биринчи Евразиялык экономикалык форумга катышты

26.05.2022 18:07
667
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери видеоконференция аркылуу Биринчи Евразиялык экономикалык форумга катышты

Бишкек шаарында бүгүн, 26-майда, ЕАЭБ жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген 2000ден ашык адамдын катышуусунда Биринчи Евразиялык экономикалык форум башталды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.



Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйындарынын бирине ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери видеоконференция аркылуу катышты. Алар – Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко.


Суроо-жооп форматында мамлекет башчылары менен өкмөт башчылары ЕАЭБ алкагындагы көп тараптуу мамилелер, Биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн экономикалык байланыштарын арттыруу, адамдык капиталды өнүктүрүү жана башка көптөгөн маселелер боюнча өз көз караштары менен ой-пикирлерин билдиришти.


Белгилей кетсек, форумдун алкагында 300дөн ашык иш-чара пландалып, ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ири бизнестеринин, мамлекеттик органдарынын жана ЖМКларынын өкүлдөрү чогулушту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн