Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:26
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттеринин саммити эмне үчүн онлайн форматта өтүп жатканынын себеби айтылган жок

20.05.2022 11:31
539
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттеринин саммити эмне үчүн онлайн форматта өтүп жатканынын себеби айтылган жок

Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкө башчыларынын саммити Бишкекте видеоконференция форматында өтөт. Бул тууралуу басма сөз жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев билдирди.


Анын айтымында, мындай чечим акыркы күндөрү кабыл алынды. “Мындай чечимдин кабыл алынышынын себептерин айта албайм”, – деди ал.


Мындан тышкары, министрлер кабинетинин орун басары белгилегендей, 26-майда Кыргызстанга расмий сапары менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келет.


Эскерте кетсек, 27-майда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн