Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 05:59
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер ортосунда электр энергиясын өткөрүп берүү тартиби өзгөрдү

05.08.2020 18:43
806
ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер ортосунда электр энергиясын өткөрүп берүү тартиби өзгөрдү


Президент Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майында Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргызстандын кошулуусуна байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Протокол менен Евразия экономикалык бирликке мүчө-мамлекеттердин ортосунда электр энергиясын (кубаттуулукту) мамлекеттер аралык өткөрүп берүүнү жүзөгө ашыруунун методологиясына (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндөгү келишимдин № 21 тиркемеси болгон Электр энергетика чөйрөсүндөгү табигый монополиялардын субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүүнү камсыздоо, анын ичинен баа жаратуунун жана тарифтик саясаттын негиздери жөнүндө протоколунун тиркемеси) өзгөртүүлөр киргизилди.

Протокол Бирликтин алкагында электр энергиясын мамлекеттер аралык өткөрүп берүү системасына Кыргызстанды киргизүүнү караган түзөтүүлөрдү камтыйт жана ата мекендик электр энергетикасы чөйрөсүндөгү табигый монополиялардын субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүнүн принциптерин жана эрежелерин, баа түзүүнүн жана тарифтик саясаттын негизин аныктаган толуктоолор киргизилип жатат.

Өзгөртүүлөр ЕАЭБтин жалпы электр-энергетикалык базарын уюштуруу боюнча укутук базаны түзүүгө багытталган, ал Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин 2019-жылдын 19-декабрындагы чечими менен бекитилген иш-чараларга ылайык, 2025-жылы иштей башташы керек.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн