Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ЕККУ милиция кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында компьютердик техника түрүндө акысыз жардам көрсөттү

15.12.2021 14:37
578
ЕККУ милиция кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында компьютердик техника түрүндө акысыз жардам көрсөттү

ИИМ: Милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердүүлүгү жана калк менен социалдык өнөктөштүк.


Бүгүн, 15-декабрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында милициянын көчмө кабылдамалары (МКК) иш алып баруусунун 10 жылдыгына арналган Ички иштер министрлиги жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси уюштурган " Милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердүүлүгү жана калк менен социалдык өнөктөштүк” аттуу темасындагы отурум болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Аталган иш-чарага Ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин аскер-саясий департаментинин жетекчиси Александр Елисеев, ЕККУнун полиция маселелери боюнча кеңешчиси Константин Бедарев, милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров, ИИМдин, Бишкек ш. жана Чүй облустук ИИББнын жана кызматкерлери, Кыргызстандын райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн АКТМ мобилдүү автомашиналардын ишмердүүлүгүн колдоо боюнча ассоциациясынын өкүлдөрү катышышты.


Отурумдун ачылышында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, көчмө милиция пункттарынын долбоорун ишке киргизүү менен республиканын ИИБнын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу жогорулатылгандыгын, калк менен иштөө системасы жакшыртылгандыгын, коом менен жемиштүү маек үчүн жаңы кадамдар иштелип чыккандыгын жана калктын милицияга болгон ишеним деңгээли жогорулатылгандыгын белгиледи.


Октябрь Урмамбетов, “Жүргүзүлгөн талдоого ылайык 2021-жылдын 10 ай аралыгында, республикада көчмө милициянын кабылдамалары жалпы 5 722 жолу чыгышкан, буларга 23 144 жакын жаран кайрылуу жасашкан, анын 5 678 кайрылуу жана арыздар каралып чыккан”, - деп баса белгиледи.

Ошондой эле, ал Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин, милициянын генерал майору Улан Ниязбековдун атынан куттуктоо сөздөрүн жана жакшы каалоолорун билдирди. Октябрь Урмамбетов ички иштер министри тарабынан көчмө милиция кабылдамаларынын ишин өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын айтып, көчмө экипаждардын ишинин аркасында коомдун коопсуздукту камсыздоо деңгээлин, кайрылууларды кароодогу ыкчамдуулукту жогорулатуу, жана эл менен байланышты жандандыруга мүмкүнчүлүк түздү.

ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Алексей Рогов, милициялардын көчмө кабылдамалары өз натыйжалуулугун өлкө жана коомчулук үчүн эң оор учурда көрсөткөндүгү белгилеп, акыркы эки жыл ичинде өлкөнүн, өзгөчө алыскы райондорунда багыт алышып жана коронавирус илдетинен коргонуу ыкмалары, вакцинациянын маанилүүлүгү жөнүндө айтып берип, калктын социалдык жактан аярлуу катмарына гуманитардык жардам беришкендигин белгиледи.


Мындан тышкары, окуу сапатын жакшыртуу жана милиция кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында ЕККУнун Программалык кеңсеси компьютердик техника түрүндө акысыз жардам көрсөттү.


Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулардын актуалдуу жана кызыктуу баяндамалары, алыскы жерлерде жашаган жарандарды мамлекеттик административдик мекемелерден, уюмдардан алыс жерлерде кабыл алуу үчүн түзүлгөн милициянын көчмө пункттарынын иши тууралуу талкууланды жана Кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча өздөрүнүн натыйжалуулугун көрсөтүштү. 


Иш-чаранын жыйынтыгында, ийгиликтүү жана жемиштүү кызматташтык үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин атынан ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жана Кыргызстандын райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн мобилдик автомашиналардын ишмердүүлүгүн колдоо боюнча Ассоциациясынын өкүлдөрүн ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.


Милициянын көчмө кабылдамаларынын иши коомчулуктун коргоонун деңгээлине, жарандардын кайрылууларына жана арыздарына өз убагында кароого, ошондой эле калк менен кызматташууну жөнгө салууга позитивдүү таасир тийгизип жаткандыгы талашсыз.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн