Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси ИИМге жабдыктарды жана жеке коргоочу каражаттарды тапшырды

09.09.2021 12:30
723
ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси ИИМге жабдыктарды жана жеке коргоочу каражаттарды тапшырды


2021-жылдын 9-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жабдыктарды жана жеке коргонуучу каражаттарды тапшырды. Бул тууралуу  ИИМдин Басма сөз кыматы кабарлады.


 Сотторду жана укук коргоо органдарын реформалоонун алкагында техникалык жардам көрсөтүү боюнча иш-чарага ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Аскердик-саясий департаментинин полиция маселелери боюнча кеңешчиси Бедарёв Константин Викторович, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин кеңешчиси Мамыров Шамшыбек Сабырбекович, улук программалык жардамчысы Мурзалиев Самат Сайпиллаевич, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Нурбек Жангабылов жана ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери катышты. 


 ИИМдин УКЭКБнын начальниги Нурбек Жангабылов ЕККУга тапшырылган жабдыктар жана жеке коргонуучу каражаттар үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. 


 “Бул жабдыктар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин техникалык инфраструктурасын өнүктүрөт деп толук ишенем”,-деди Нурбек Жангабылов. 


 Өз кезегинде Константин Бедарёв Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине колдоо көрсөтүп жаткандарына кубанычта экендигин билдирип, биздин бирдиктүү иштерибиз мындан ары дагы токтобостон, өнүгө берет деп баса белгиледи. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн