Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:58
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Эч себепсиз адамды сабаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

03.08.2021 10:20
473
Эч себепсиз адамды сабаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ошто адамды себепсиз сабаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, милицияга К.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 19-июль күнү болжол менен 19:00до Ош облусунун Өзгөн шаарынан белгисиз адамдар анын уулун себепсиз сабашып, денесине жаракаттарды келтиргендигин билдирген.


Бул факты боюнча топтолгон материал КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш ишине кылмыш дүйнөсүнүн адамдарынын тиешеси бар болгондуктан, ыкчам иш-чараларга ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери киришкен.


Ушул жылдын 28-июль күнү ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун "Кара-Суу-Өзгөн" унаажолунан шектүүлөрдүн бири 1993-жылы туулган Т.О. кармалды. Ал мурда бир нече жолу соттолгон.


Алынган маалыматтар боюнча жаран Т.О. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Кармалган жаран Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн