Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 22:51
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Эч себепсиз көчөдөгү адамды сабаган жаран кармалды

02.08.2021 11:22
534
Эч себепсиз көчөдөгү адамды сабаган жаран кармалды

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы ээнбаштыкка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Жаран Т.Ж. ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, анда ээнбаштык фактысы боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. 2021-жылдын 13-июль күнү болжол менен саат 14:00до Ош-Бишкек жолундагы кафелердин биринде арыздануучуну чала тааныш адам себепсиз сабап, денесине жаракаттарды келтирген.

Жогорудагы факты боюнча топтолгон материал КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Бул укукка каршы аракеттерге криминалдык чөйрөнүн адамдарынын тиешеси бар болгондуктан, шектүүнү кармоо боюнча ыкчам иш-чарага ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тартылган. 

28-июль күнү Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад шаарынан Жалал-Абад облусунун жашоочусу 1984-жылы туулган Д.А. кармалды. Жаран Д.А. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. 

Иликтөө иштери уланууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн