Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 12:58
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Эдил Байсалов БАЭден келген өкмөттүк делегация менен жолугушту

17.03.2023 10:10
176
Эдил Байсалов БАЭден келген өкмөттүк делегация менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жана тажрыйба алмашуу боюнча министринин орун басары Абдулла Нассер Лута менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өкмөттөр аралык биргелешкен “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алгачкы үч долбоорунун алдыдагы ишке киришүүсүн талкуулашты. 2021-жылы мамлекет башчысы БАЭнин жогорку жетекчилиги менен республикада тездетилген реформаларды жүргүзүү боюнча тажрыйба алмашуу – “Өкмөттүк акселераторлор” киргизүү боюнча макулдашууга жетишкен.


“Кыргызстандын Өкмөтү бүткүл дүйнө суктанган БАЭнин экономикасын трансформациялоонун ийгиликтүү тажрыйбасын үйрөнүү үчүн талыкпай иштөөгө ниеттенүүдө. Биздин өлкөлөрдүн жетекчилеринин ак ниеттүүлүгүнүн аркасында “өкмөттүк акселераторлор” программасы эки мамлекеттин чоң жана ийгиликтүү кызматташтыгы үчүн бекем пайдубал түзөт”, - деди Эдил Байсалов.


Өз кезегинде Абдулла Нассер Лута мамлекетти өнүктүрүүдөгү айкын ийгиликтердин аркасында акыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугу жогорулаганын белгиледи. БАЭнин министрлер кабинетинин жогорку даражалуу өкүлү биргелешкен долбоорлор кыргыз-эмират кызматташтыгын өнүктүрүүгө сезилээрлик түрткү берип, жаңы долбоорлорду жана программаларды даярдоого жана ишке ашырууга бекем негиз түзөөрүнө ишеним билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн