Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эдил Байсалов журналист Олжобай Шакирдин иши боюнча комментарий берди

06.12.2023 14:47
187
Эдил Байсалов журналист Олжобай Шакирдин иши боюнча комментарий берди


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов маалымат жыйынында журналист Олжабай Шакирдин иши боюнча комментарий берди.


Анын айтымында, эл менен бийлик өлкөнүн келечегине байланышкан маселелерди тынч чечиши керек.


«Душман» деген сөздү биринчи ким айтты? Олжобай Шакирдин тегереги. Бизди саткын, Кемпир-Абадды сатып жиберишти деди. Бул абдан оор сөздөр, оюнчук эмес. Ушунчалык кыйын болушса шайлоого катышсын. 2021-жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоолор эң ачык-айкын болду. Бирок алар добуштардын 1 пайызын да ала алышкан жок. Демократиянын эрежелери боюнча бийликке кандайдыр бир күч келсе, калгандары четте күтүп, жардам берүүгө аракет кылышат», - деди чиновник.


Ал кошумчалагандай, Олжобай Шакирди эч ким куугунтуктап, кылмышкер деп айтпайт. Ал эми мамлекеттин функцияларынын бири — коомду кээде акыл-эске келтирүү.


«Олжобай Шакир болобу, башкалар болобу, биздин республикабыздын келечегин талкуулоого катышууга акыбыз бар. Бирок биз бул укукту мыйзам чегинде туура колдонушубуз керек”, - деп белгиледи Эдил Байсалов.


Эске сала кетсек, журналист Олжабай Шакир 23-августта УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал тартип сакчыларына жигердүү баш ийбөөгө чакырыктар, массалык баш аламандыктар жана бийликти басып алуу аракети үчүн айыпталууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн