Бугу 15, 2024
Убакыт: 02:52
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Эдуард Кубатов: Эверестке чыгуу бала кезимден келе жаткан кыялым

24.05.2021 22:24
1131
Эдуард Кубатов: Эверестке чыгуу бала кезимден келе жаткан кыялым


Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов дүйнөнүн эң бийик чеги болгон Эвересттин чокусуна чыгып, кайра түшүп келе жаткандыгы тууралуу команда жетекчиси кабарлады.

Чокуга чыккандан кийин Эдуард Кубатов менен байланышууга мүмкүн боло элек. Бирок тоо этегиндеги лагерге бара жатканында Би-Би-Синин кабарчысы Абдыбек Казиев аны менен кенен маек курган.

Эдуард Кубатов: Кичинекей кезимде атам Кан-Теңирини көрсөтүп, Кайлаш, Эверест жөнүндө айтып берген. 6-7 жашымда эле, чоңойсом барам деген ой келген. 2014-жылдан бери улам жылдырып келе жатам. Физикалык жагынан мен даяр болгонума көп болду. Моралдык, пихологиялык жактан, ниетим быйыл жетилди. Кудай буюрса чыгам. Бул биринчи жана акыркы мүмкүнчүлүк. Аракеттенем. Көңүлүм бар, күчүм бар. Эрким бар. Буюрса болот!


Би-Би-Си: Силердин командада канча киши топтолдуңар жана алар менен кантип уюштуңуздар?

Эдуард Кубатов: Жетекчибиз Александар Абрамов. Бул легендарлуу, дүйнөгө белгилүү альпинист. Он сегиз экспедиция кылган. Эверестке өзү он жолу чыккан. Ал Гинесстин рекорддор китебине Эверестке он жолу чыкккан европалык катары кирген. Азыр он төрт киши бар. Бүт баары атактуу, белгилүү, кыйын альпинисттер. Орусиядан, Беларустан, Израилден, Өзбекстандан бир мыкты жигит келди. Кыргызстандан мен болуп жатам. Малазиядан жана Чыгыш Европадан дагы эки альпинист келиши керек эле, бирок карантинден улам келе албай калышты.

Би-Би-Си: Эдуард байке, Эверест чокусуна сизге чейин чыгам деген же даярданып ошо жерге барган кыргызстандыктар бар бекен?

Эдуард Кубатов: 1997-жылы Казакстандын улуттук экспедияциясы болгон. Бул долбоорду президент Назарбаев каржылаган. Бул экспедициянын курамында 1997-ж. Кыргызстандын жараны, Дмитрий Греков деген альпинист чыккан. Экинчи жараныбыз спорттун эл аралык класстагы адиси - Михайлов. Ал аябай атактуу, эки жолу алтын медаль алган альпинист. Советтер Союзунда бул спорттун эмгек сиңирген адисиндеги деңгээл. Ал киши 8,200 метрден кайткан. Ошондуктан азыр бул чокуну багындырган биринчи кыргызстандык болуучу сейрек, балким, көрүнүктүү мүмкүнчүлүгүм бар.

Би-Би-Си: Тилегиңиз ишке ашсын, Эдуард байке!

Эдуард Кубатов: Ырахмат

Би-Би-Си: Сиздердин план боюнча, анын чокусуна канча күндө жетесиңер? Жаңылбасам, ал жерде "Хиллари" деген чекитке чейин барсаңыздар керек.

Эдуард Кубатов: Экспедиция 25-30 күн болот. 45 күнгө чейин узарган учурлар бар. Кээде эки айдан дагы ашып кетет. Биз бир ай же 25 күндүн ичинде максатка жеткенге аракеттенебиз, кудай буюрса. Бир ай климатташуу болот. Ошол мезгилде биз 5,600 метрдеги негизги лагерден 8 миңдеги "Ээрче" деген жерге чейин эки жолу чыгып, кайра ылдый түшөбүз. Чыгуунун өзү үчүнчү жолкусунда болот. "Хиллари" тепкичтери Эверестке 80 метр калганда болот. Аябагандай оор жер. Аны өткөндөн кийин Эвересттин чокусуна 80 эле метр калат. Эверестти багындыруу өзү 15-майда башталат.

Би-Би-Си: Абдан бир чоң максатты койгон экенсиз. Адам баласына ошол эле кыял, максат канчалык маанилүү? Сиз ошол кыялыңыз менен канча убакыт күрөштүңүз?

Эдуард Кубатов: Мен ар бир кишинин максаты болуш керек деп ойлойм. Максат чоң, таза, коркпой эле айтсак, улуу болушу керек. Кыялдангандан коркпош керек. Кыял жаркын, таза болушу керек. Жарым жылдан кийин мен элүүгө чыгам. Мен ушул кыялым менен бала кезимден бери жашап келем. 2014-жылдан бери күнүгө машыгып, даярданып жүрдүм. Быйыл гана, "мына быйыл же барабыз, же жетебиз, же калабыз" - деп өзүмө айттым. Качандыр бир кыялыбызга жетсек, биз башкалар үчүн зор өрнөк жаратабыз.

Менин өрнөгүм жаштар үчүн. Инилерим, коркпогула! Алдыңарга чоң максаттарды койгондон эч качан коркпогула. Бул дүйнөдөгү мүмкүн эмес делген нерселердин баарына жетсе болот. Өзүбүзгө ишенбесек, биз эч качан максатыбызга жете албайбыз. Өзүбүзгө ишенип баштаганда, ошондо турмуш өзгөрөт, дүйнө өзгөрөт. Ошондо элибиз да, жерибиз да, бүт баары өзгөрөт.

Би-Би-Си: Сиздин ушул чечимиңизди үй-бүлөңүз кандай кабыл алды, алардын реакциясы кандай болду?

Эдуард Кубатов: Ачык эле айтсам, капа болушту. Балдарым эми кичине коркуп жатышат. Анткени бул эң бийик тоо. 7,500дөн "өлүм тилкеси" башталат. Чыгып кайра түшкөнгө болгону төрт күн бар. Анын ичинде жетишпесек, калып кетебиз. Менин чоң тобокелге баратканымды түшүнүп жатышат. Бирок менин балдарым мага ишенет. Мен өзүмө ишенем, ушунчалык ишенем, ошондуктан жайдарымын, көңүлүм ток. Ишенимдүү турамын. Балдарым мага ишенип баштаганда 100 эмес 200% аракетти кылам.

Би-Би-Си: Эдуард байке, буга чейин Каң-Теңирини көрүп чоңойгон экенсиз. Дагы кайсы жерлерде даярдыктан өттүңүз?

Эдуард Кубатов: Менин биринчи тоом - Ленин чокусу, 7,134 метр. Андан кийин Аконкагуа - Түштүк Американын эң бийик чокусу - 7,000 метр. Андан соң Элбруска жалгыз чыккам. Андан кийин Африканын эң бийик чокусу Киллиманжаро болду. Ала-Арчада 19-20 тоо бар 4,800-5,000 метрге жакын. Корона, Теке-Төр, Учитель, Байчечекей деген эң оор тоолор, ошолорго чыккам. Австралияда бир кичинекей тоо бар Косцюшко (ред. жергиликтүү тилде Кози-оско) деген, 2,800 метр. Ал жакка чуркап барып, чуркап келгем. Ушу Эверест бешинчи тоом болуп жатат. Ден соолук болуп, аба-ырайы жакшы болуп чыгып алсам...

Би-Би-Си: Сиз экөөбүз кичине кыялданып көрөлүчү, мына азыр элестетип көрөлү - сиз Эвересттин чокусунда турасыз. Эмнени элестетет элеңиз?

Эдуард Кубатов: Биринчиден мен өзүмдүн жеримди эстейт элем, элимди. Кудай буюруп, болуп калса, бул жеңишти элиме-жериме арнайм! Эң чоң максат ушул - жериме-элиме! Өзгөчө жаш жарандарбызга, жаш муунга... Менимче, жаштар биздин өлкөбүздү, биздин жашообузду өзгөртөт. Мен жаштарга гана ишенем. Жаштардын күчүнө, ышкысына ишенем. Чынчылдыгына жана ак ниетине ишенем. Ошондуктан жаштарга арнагым келет. Менин чокум, бул менин кыялым - менин жеке жашоом. Ата-энемдин элесине арнагым келет. Мен ата-энемди аябай эрте жоготуп алгам. Ошон үчүн өтүп кеткен ата-энеме арнайт элем. Эверестке чыгып жатканым балдарыма дагы мурас болсун да. Балдарым көрсүн да. Балдарым алдына мындан дагы чоң, мыкты максаттарды коюшун каалайм. Татыктуу кишилерден болуп чоңоюшун, өлкөбүзгө пайда алып келишин каалайм. Ошондуктан бул чыгуунун мен үчүн көп мааниси бар.

Булак: Би-Би-Си


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн