Бугу 17, 2024
Убакыт: 01:10
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ээси жок батирлерди ээлеп алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды

24.03.2021 16:08
533
Ээси жок батирлерди ээлеп алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды

 

Сотко чейинки иликтөөнүн жүрүшүндө Аламүдүн -1 кичи районунун аймагында жайгашкан Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктөр башкармалыгына тиешелүү батирлер аныкталып, алар бүгүнкү күндө соттун чечими менен ээси жок батирлер катары таанылган.


Бүгүнкү күндө бул батирлер мыйзам талабына ылайык аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилиши керек болгон. Бирок, 2013-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктөр башкармалыгы менен райондук администрациянын айрым кызматкерлери тарабынан Свердлов районунун Муниципалдык аймактык башкармалыгынын начальниги М.А.га Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү чечими жок берилген. Ал бүгүнкү күндө батирди бошотуудан баш артууда.


Андан сырткары, соттун чечими менен ээси жок батирлер катары эсептелген 34 батир аныкталып, алардын ичинен 5 батирде Бишкек шаарынын мэриясынын айрым жооптуу кызматтагы адамдары жашап жаткандыгы аныкталды.


Калган башка даректерде тергөөнүн тапшырмасынын негизинде ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жашоочуларын аныктоо жана тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына камсыздоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы КЖБРге катталган Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтеп жатат.


Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн