Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 13:24
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт? (тизме)

24.08.2022 17:52
897
Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт? (тизме)

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата борбор калаада бир катар майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.


Маалыматка ылайык, башкы концерт 31-августта саат 19:30да Ала-Тоо аянтында кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусу менен өтөт.


Күндүз «Ден соолук» сейил багында саат 16.00-19.00 райондун балдары үчүн спорттун 5 түрү (волейбол, жеңил атлетика, кичи футбол эстафетасы, аркан тартыш) боюнча спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.


Ошондой эле «Ден соолук» сейил багында 16:30да экстремалдык спортчу Алексей Владимирович Тепляшиндин 3 автобусту өз күчү менен сүйрөп, рекорд көрсөтүүсү пландалууда.


Биринчи май району:

2022-жылдын 26-августунда саат 20:00дөн 23:00гө чейин Улуттук тарых музейинин алдында «Кыргыз модасына таазим. Байыртадан бүгүнкүгө чейин» иш-чарасы болот.

27-августта саат 12:00дө “Мурас-Ордо” жаңы конушунда активисттердин жана фольклордук ансамблдердин катышуусунда “Ыр-Кесе” ыр сынагын өткөрүү пландалууда.


Октябрь району:

31-августта саат 18:00-21:00го чейин «Ынтымак-2» сейил багында Street Food фестивалы уюштурулат. Иш-чара ар кандай кулинардык турнирлер жана оюндарды камтыйт.


Свердлов району:

30-август саат 10:00дө Кара жыгач сейил багында райондун жашоочулары үчүн концерттик программа менен коштолгон иш-чара өтөт.

30-августта саат 11:00дө №11 орто мектептин аянтында шаардыктар жана МАБдын активисттери үчүн спорттук оюндар өткөрүлөт.

31-август күнү саат 11:00дө №52 орто мектептин спорт аянтчасында спорттук оюндарды өткөрүү пландалууда.

31-август саат 11:00дө "Эне-Сай" конушунда концерттик программа жана спорттук мелдештер уюштурулат.


Ленин району:

31-август саат 10:00дө «Ак-Өргө» конушунда, Жолон/Алыкулова көчөлөрүнүн кесилишинде майрамды утурлай балдар спорт аянтчасын ачуу пландалууда. Иш-чара албетте концерттик программа менен коштолот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн