Алыкул акын өзүнүн ыр саптарында адам өмүрүңдөгү 30-жаштын көз ачып-жумганча келип калганын «Кечээ эле тигил кырда жок эле, кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш» деп таасын сүрөттөгөн эмеспи? Ошонун сыңары кечээ эле өз алдынча коз карандысыз мамлекет болдук деп төбөбүз көккө жете кубанып турган күндөн бери карай зуулдаган боюнча отуз жыл өтүп кетиптир. Тактап айтсак, быйыл 31-августта Кыргызстан өзүнүн эгемендигинин отуз жылдыгын белгилеши керек. Бирок, аны биз кандай белгилейбиз? Сыймыктануу мененби, же башыбызды шылкыйтып белгилейбизби? Кеп мына ушунда.
СССР аттуу ири державадан бөлүнүп чыккан убакта коңшулаш мамлекеттер – Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандар менен жашоо деңгээлибиз да, кадыр-баркыбыз да, экономикабыз да салыштырмалуу бирдей эле. Демек, мына ушул мамлекеттер менен өз алдынча мамлекет катары өнүгүү стартына бир катарда турганбыз. Адегендеги басыгыбыз коңшуларга салыштырмалуу ыкчам жасалып жаткандай болгон. Буга өзүбүздүн улуттук валютабыз болгон сомду коөшулардан биринчи болуп кабыл алганыбыз мисал. Анан дагы Борбордук Азиядагы «Демократия аралчасы» деген атка да биринчи болуп ээ болгонбуз. Тилекке каршы, бизди ошол атыбыз өнүгүүлөргө жетелебей эле, өзүбүз менен өзүбүз алышкан, күрөшкөн, ит жыгылыш болгон түшүнүксүз туңгуюкка кептеди.
Акаевдин учурундагы реформалар СССРден калган колхоз-совхоздорду, завод-фабрикаларды, алтургай пансионат, балдар бакчаларынын имараттарынан бери менчиктештирүүгө багытталды. Заматта иштеп жаткан завод-фабрикалар ишин тык токтотту. Колхоздордун кой-эчкилери, бодо малдары бөлүнүп таратылды. Анан дароо эле массалык жумушсуздук деген көйгөй пайда болду. Тыңыраак оокат тиричилигин өткөргүсү келгендердин баары Россияга мигрант болуп агылды. Коңшулаш Казакстандын айдоо талааларында жалданып иштешти. Мугалимдердин айлык акылары бир мүшөк ун, азыраак май сатып алганга гана жетип калды. Ошол дагы 5-6 айлап колго тийиши кыйын болду. Натыйжада жашыраак мугалимдердин дээрлик көпчүлүгү соода-сатыкка өтүп кетти. Ушундай эле көрүнүш медицина кызматкерлеринде, маданият өкүлдөрүндө кездешти. Жыйынтыгы эмне болду? Билим берүү менен саламаттыкты сактоо тармактары өтө эле артта калганын билдик. Пандемия шарты өзгөчө саламаттыкты сактоо тармагынын талкалануу деңгээлине түшүп калганын көрсөттү.
Отуз жылдан бери өзүбүз сыймыктанып айта турган биз завод же фабрика кура албадык. Экономикабыз жалаң сырттан алынган карыздар менен эле кармалып калды. СССРдин убагындагы жашыл шаар аты бар борбор калаабыз баштагы көркүн жоготту. Башаламан курулган жаңы көп кабаттуу үйлөрдү, соода борборлорун мактаныч катары айтыш кыйын. СССРден калган Токтогул ГЭСинин абалы да учурда чатак. Жок дегенде ошону бир капиталдык оңдоодон өткөрө албадык. Суу башында турган өлкө болсок да бир жаңы ГЭС кура албадык. Өзүбүздүн «Кумтөр» алтын кенибиз чет элдик шылуундардын эле капчыгын калыңдатып жатат. Алардын чөнтөгүн калыңдатуу үчүн биз мөңгүлөрүбүздүн жок болгонуна да кайыл болуп отурабыз.
Отуз жылдан бери бийлик төбөлдөрү бийлик талашуу менен гана алек. Улам кийинки келгенинен жакшылыкты үмүт этип отурган элибиздин ишеними да соолуп калды. Тартипсиздик, мыйзамсыздык ушунчалык жогорку чегине жетти. Көчөдө кыйкыра алгандар, уят-сыйытты жыйыштыра билгендер эле бош турган креслону барып баса калмай адатка айланды.
Айтор, отуз жыл ичинде бизде саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин деңгээли кыйла төмөндөдү. Билимсиздик күч алды. Маданият, адабият жагы кароосуз калды. Жалпы элибиз саясатташты. Ар ким өз жумушун жасагандан көрө жалпылап эле саясатты талкуулап отуруу көндүм көрүнүш болду. Чоңдорубуз башка мамлекеттердин башчылары менен теңата сүйлөшө албай, дайыма эле алардын алдында өздөрүн ийменип кармап туруша турган болду. Мамлекеттик чек араларыбызды али тактай элекпиз. Коңшулар биздин ынтымагыбыздын жоктугунан пайдаланып, өздөрүнүн зым торлорун улам биз тарапты көздөй жылдырып эле келатышат. Мамлекеттүүлүктүн өзү чоң коркунучка кептелди. Биз отуз жылда эле эгемендигибизди кайра тарттырып жиберчүдөй абалга келдик.
Ал эми ошол эле убакта коңшулаш мамлекеттерди карайлычы. Казакстан дүйнө элин суктанткан жаңы Нур-Султан шаарын куруп салды. Мамлекет катары эл аралык деңгээлде аброю көтөрүлдү. Өзбекстан дамба жарылып кетип, суу алып кеткен айылды кыска убакыт ичинде эле заманбап шарттагы жаңы айылга айланта ала турган деңгээлге жетти. Экономикасы туруктуу өнүгүү жолунда. Эгемендик алгандан кийин жарандык согушту башынан өткөргөн Тажикстан да учурда экономикалык абалы жагынан бизден алдыда. Түркмөнстан жабык өлкө болсо да, шаарларындагы тартип жана тазалык суктандырбай койбойт.
Азыркы тапта бул коңшулаш мамлекеттер өздөрүнүн эгемендүүлүгүнүн отуз жылдыгын өтө жогорку салтанат менен белгилегени даярдык көрүп жатышат. Алар миллиарддаган доллар сарптап, 30 жылдыкка байланыштуу жаңы ири долбоорлорду ишке ашыруу аракетинде. Ал эми бизчи?! Дагы деле бири-бирибизди жакалап, кресло талашып эле жүрөбүз. Коңшулар ынтымак менен өнүгүп жатса, биз бири-бирибизди буттан чалып жыгып жатып, ордубуздан жылбай эле чөгүп бараткандайбыз. Ушул абалдан азыртан чыгуунун жолун издебесек, анда эгемендиктин 40 жылдыгын белгилешибиз да күмөн болуп калат.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн