Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата логотип тандалып алынды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата логотиптин тандап алуу боюнча жарыяланган сынак жыйынтыкталды.
Тандалган логотиптин авторлору Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Жаныш Жамурзаев, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Шакир Арыков жана Жеңиш Жанузаковдор болду.
Сынак Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине карата логотип жасоо максатында өткөрүлүп, кесипкөй чыгармачыл топтордун коомдук иштерге активдүүлүгүн арттырууга багытталган. Жобого ылайык, долбоордун катышуучулары жалгыз автор же автордук коллектив болушу мүмкүн экендиги белгиленген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн