Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эгер кыш болбосо, биз жаздын мынчалык керемет экенин сезмек эмеспиз

01.02.2024 09:18
264
Эгер кыш болбосо, биз жаздын мынчалык керемет экенин сезмек эмеспиз


Бир жакшы сөз үч айлык кышка жылуулук берет.

(Жапан накылы)


Кышты жек көрөм. Ал өтө эрте башталып, өтө эле кеч бүтөт.

(Мелинда Сордино)


Мен кышты жакшы көрөм, себеби, кышында уялбай эле үйдө отурсаң болот.

(Тереса Скелтон)


Мен кыштан корком, анткени, кыш – бул комфорттун мезгили.

(Артюр Рембо)


Бизде, Англияда эки эле жыл мезгили бар: кыш жана кыш.

(Шейла Делейни)


Эгер жамандыкты жамандык катары кабыл албасаң, ал жамандык болбойт. Кыш деле жамандык эмес.

(Оксана Робски)


Кыш асмандан тамган тамчыны жана адамдардын жүрөгүн ташка айлантат.

(Виктор Гюго)


Кыш жакындаган сайын биз өзүбүздүн паспорттогу сүрөтүбүзгө окшошо баштайбыз.

(Ванда Блоньская)


Кышты мен мартта, ал бүткөн маалда гана жакшы көрөм.

(Рина Зеленая)


Кышында күн ыйлап күлөт.

(Орус накылы)


Кыш жоопсуз сүйүүгө окшош: ошондой эле муздак, ошондой эле ташбоор.

(Келли Элмор)


Кышында ар бир миль аралык эки мильге тең.

(Джордж Герберт)


Кыш дарактарды сындырды эле, эми адамдарды сындыра баштады.

(Т.Е.Картер)


Эң катуу бороон-чапкын да кардын бир бүртүкчөсүнөн башталат.

(Сара Рааш)


Жай айында жыргап кал, андан соң дайыма кыш келет.

(Гарри Гаррисон)


Азыр жай же кыш экенин байкабаган адам – эң бактылуу адам.

(Антон Чехов)


Кышында жылуу эскерүүлөрү жок киши гана үшүйт.

(Терри Мкккей)


Кыш келгенде эң бакубат эмендин да жалбырактары күбүлүп түшөт.

(Шарль де Костер)


Биздин жайыбыз жашыл түскө боёлгон кыш эле.

(Генрих Гейне)


Өлүм кар сыяктуу эле: качан жаап саларын билбейсиң, бирок кышында жаары анык.

(Мария Парр)


Арча жапжашыл экени кышында гана байкалат.

(Корей накылы)


Эгер кыш болбосо биз жаздын мынчалык керемет экенин сезмек эмеспиз.

(Анна Бредстрит)


Февралга канчалык жиниң келсе да, жазга кабагыңды бүркөбө.

(Украин накылы)


Бир да кыш түбөлүк болбойт. Жаз бир да жолу келбей калган эмес.

(Кытай накылы)


Февраль – эң кыска ай, бирок ал аябай узакка созулат.

(Сара Уинман)


Күн кышында өгөй эне сыяктуу: нурун чачат, бирок жылытпайт.

(Украин накылы)


Кыш жайды коркутуп, бирок өзү эрип кетет.

(Орус накылы)


Февраль жөнүндө бир гана жакшы нерсени айтууга болот: бул айда күн аз.

(Герд Нюквист)


Биз дайыма бирдеке издейбиз, көрсө, бакыт эмне экенин сезиш үчүн бир аз кыш болгону эле жетиштүү экен.

(Михаил Шишкин)


Күз бир кишини тоңдурса, кыш экөөнү тоңдурат.

(Украин накылы)


Декабрь көзүңдү кар менен сүйүндүрүп, кулагыңды аяз менен айрыйт.

(Украин накылы)


Финляндияда бир жолу кыштаган киши бул жерликтер эмне үчүн ичкиликти көп ичээрин түшүнөт.

(Линус Торвальдс)


Күн суук болгондо адамдар бири-бири менен ысык боло башташат.

(Михаил Жванецкий)


Кыш чилдеде гүл жок болсо, аны эстеп, куса болуунун деле кереги жок.

(Сергей Есенин)


Кар жаап жатканда биз өзүбүздү кайрадан бала сезип кетебиз.

(Юкио Мисима)


Мамат Сабыров 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн