Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Египеттен 47 кыргыз жараны келди

19.06.2020 11:41
950
Египеттен 47 кыргыз жараны келди


Бүгүн, 19-июнда КР Тышкы иштер министрлиги менен Казакстан тараптын биргелешип аракеттешүүсүндө Египеттен Кыргызстанга 47 жараны кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады. 


Кайтып келген 26 студент жана 21 жаран буга чейин Египетке туристтик жана жеке (конок катары) максатта барышып, 2020-жылдын мартынан тартып мекенине кайтып келүү үчүн кыйынчылыктарга туш болушкан. 


Биздин жарандар «Air Cairo» египет авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Каир шаарынан Алматы шаарындагы эл аралык аэропортуна келип, Бишкек шаарына атайын транспорт менен алынып келди. 


Бардык учуп келгендер тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн бекитилген тартипте обсервацияга жайгаштырылат.


Каттам, дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу боюнча президент жана өкмөт тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында, Россия тарабы менен биргеликте КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан ишке ашырылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн