Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 00:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Египеттин күч түзүмдөрү 20дан ашык террорчуну жок кылды

23.05.2020 19:10
824
Египеттин күч түзүмдөрү 20дан ашык террорчуну жок кылды


Египеттин күч түзүмдөрү Синай жарым аралында Ид аль-Фитр (Орозо айт) күнү теракт уюштуруну ойлонуштурган 21 террорчуну жок кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери террорлор тобу Синай жарым аралыгындагы чарба жайында чабуулдарды уюштуруну болжолдоп машыгып жатканы тууралуу маалымат алган. Алар Ид аль-Фитр (Орозо айт) күнү жардыруу уюштурууну болжолдоп жатканы белгилүү болгон”, - деп айтылат маалыматта.


Полициянын билдирүүсүнө караганда, террорчуларды жок кылуу үчүн жүргүзүлгөн операция учурунда атышуу жүрүп чарбада 14 киши өлтүрүлгөн. Дагы жетөө андан алыс эмес жердеги үйдө өлтүрүлүп, окуя болгон жерден 13 автомат, үч жарылуучу зат, жанкечтинин бомбаланган куру жана өзүнчө катылган бир курал табылган.


Ал эми операция учурунда күч түзүмдөрүнүн эки офицери жаракат алган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн