Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:04
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Эки кылмыш иши боюнча баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Атамбаев абактан бошотулабы?

21.12.2021 18:13
839
Эки кылмыш иши боюнча баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Атамбаев абактан бошотулабы?

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата ачылган эки кылмыш иши боюнча баш коргоо чарасы өзгөртүлдү.  Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан кабарлады.


Маалыматка ылайык, Атамбаевдин баш коргоо чарасы "Калыс-Ордо" конушундагы мектептин курулушу жана түрк жарандарына кыргыз жарандыгын берүү (Орхан Инсанды) кылмыш иштери боюнча баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн.

Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин айтымында, эртең Жогорку соттун коллегиясы Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртсө, ал бошотулат.


Мындан сырткары Алмазбек Атамбаевге карата Кой-Таш окуясы, коррупция, мыйзамсыз жер сатуу, октябрь окуялары боюнча кылмыш иши козголгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн