Бугу 05, 2024
Убакыт: 20:28
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кара-Балтада жана Ысык-Көлдө эки колледждин имаратын реконструкциялоо башталды

24.09.2020 15:32
979
Кара-Балтада жана Ысык-Көлдө эки колледждин имаратын реконструкциялоо башталды


“Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин жана Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин имараттарын жана курулмаларын реконструкциялоо иши башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, аталган колледждер пилоттук болуп саналат, алардын базасында алдыңкы тажрыйба борборлору түзүлүүдө, максаты – областтык эмгек рынокторунун керектөөлөрүнө ылайык орто кесиптик деңгээлдеги адистерди даярдоо саналат, эксперименталдык кесиптик стандарттардын, компетенттүүлүк негизде окутуунун негизинде мыкты методологиялар жана тажрыйбалар пилоттолот.


Аталган алдыңкы тажрыйба борборлорун түзүүнүн алкагында “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору тарабынан инклюзивдүү билим берүү чөйрөсү түзүлөт – региондор үчүн артыкчылыктуу адистиктер боюнча жумуш ордунда окутууну баштоого мүмкүндүк берүүчү имараттар реконструкцияланат, окуу-өндүрүштүк комплекстер жабдылат. Колледждер заманбап жабдуулар, эмеректер менен камсыздалат.


Реконструкциялоо иши 8 айдын ичинде аягына чыгарылышы керек.


2020-жылдын аягына чейин алты колледжде – Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжинде, ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде, Т.Кулатов атындагы Тоо-техникалык колледжде, К.Скрябин атындагы КУАУнун Агро-өнөр жай колледжинде, С.Нааматов атындагы НМУнун Агро-экономикалык колледжинде, ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинде курулуш иштерин жүргүзүү үчүн тендерлер жарыяланат жана подрядчы компаниялар аныкталат деп күтүлүүдө. Долбоорлоо боюнча компания аталган 6 объекттин долбоордук-сметалык документтерин түзүү боюнча ишти улантууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн