Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 02:18
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Эки жыл өгөй атанын зордугун көргөн кыз тосмо арыз жазат

05.01.2021 09:39
850
Эки жыл өгөй атанын зордугун көргөн кыз тосмо арыз жазат

Өгөй атасы тарабынан 2 жылдан бери зордукталып, кордук көрүп келгенин айткан 15 жаштагы кыз тосмо арыз жазат. Бул тууралуу юрист Шердор Абдыкапаров билдирди.


Анын айтымы боюнча, 15 жаштагы кыз республикалык психикалык ден соолук борборунан социалдык коргоо министрлигинин кызматкерлери алып кетишкен. 

Кыздын таенеси менен тайэжеси жээнин өздөрүнө алайын дешкен, бирок социалдык коргоонун кызматкерлери өгөй атасынын апасы жакыныраак деп тапты. Эми азыр кызды энеси алып кетти, кыз тосмо арыз жазган жатат. Токмоктогу тергөөчү “өгөй атаң чын эле зордуктады беле?” деп сураганда, ал: “Ооба, зордуктады, бирок мен тосмо арыз жазам” деп жооп берди. Тергөөчү тосмо арыз жазганы менен анын күчү болбой турганын, анткени зордуктоо оор кылмыш болуп эсептеле турганын айтты. Кыздын энеси бул жөнүндө билип, унчукпай келген. Жакында гана жабырлануучу таежесине жана таенесине баарын айтып берген. Алар милиция чакырышкан, факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 5-декабрда катталган. Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат”, – деди жактоочу.


Белгилей кетсек, 18-декабрда адвокат Токмокто өгөй атасы эки жыл өгөй кызын зордуктап келгенин айткан.

Бирок, кийинчерээк кыз адвокаттан баш тарткан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн