Бугу 19, 2024
Убакыт: 16:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Экинчи толкун боло турган болсо, медиктер оор жумушка даяр турушу зарыл, - өкмөт башчы

03.09.2020 18:08
1488
Экинчи толкун боло турган болсо, медиктер оор жумушка даяр турушу зарыл, - өкмөт башчы


Дарыгерлердин консилиуму коронавирус инфекциясы менен катуу ооруп жаткандардын ар бирин кароого тийиш. Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов бергенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

«Учурда өлкө боюнча COVID-19 менен ооругандардын саны азайды. Бирок дагы эле илдетти оор көтөргөндөр жана жандандыруу бөлүмүндө жаткандар жок эмес. Мисалы, Бишкек шаарында эле мындай абалда 18 адам бар. Биз үчүн ар бир жарандын өмүрү кымбат. Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигине дарыгерлердин консилиумун жеринен өткөрүп, ар бир бейтаптын оорусу канчалык деңгээлде экенин жана дарылоо ыкмасын аныктоо тапшырмасын берем. Башкача айтканда, ар бир бейтаптын башка оору менен ооруганын эске алуу менен, жекече мамиле жасоо шарт», - деди Кубатбек Боронов. 

Муну менен катар өкмөт башчы медицина кызматкерлеринин түйшүгүн азайтуу маселесин карап чыгууну тапшырды.

"Илдет менен ооругандардын саны азайгандыгына байланыштуу дарыгерлердин түйшүгү жеңилдеди. Алардын иш графигин карап чыгып, эс алуусуна мүмкүнчүлүк берүү керек. Эгер экинчи толкун боло турган болсо, дарыгерлер менен медайымдар оор жумушка даяр турушу зарыл. Чарчап турган киши натыйжалуу иштеп, бейтапка жардам бере албайт. Ошондой эле мекендештердин өмүрүн сактап калуу үчүн иштеп жүрүп коронавирус инфекциясын жуктуруп алып, каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө компенсация төлөөнү тездетүү керек", - деди премьер-министр.

Кубатбек Боронов Кавасаки оорусуна каршы күрөшүү боюнча Казакстандын тажрыйбасын өздөштүрүүнү, ошондой эле өлкө аймагына вирус келсе, ага каршы туруу боюнча даярдыкты күчөтүүнү тапшырды. 

Мындан тышкары, өлкө боюнча жаңы курулуп жана профили өзгөртүлүп жаткан ооруканаларга өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн