Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 15:20
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Экономика министрлиги менен КМТУ кызматташуу жөнүндө макулдашты

27.01.2025 09:19
159
Экономика министрлиги менен КМТУ кызматташуу жөнүндө макулдашты


Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев менен жолукту.


Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун алкагында Чоро Сейитов менен Мирлан Чыныбаев Экономика министрлиги менен И. Раззаков атындагы КМТУ ортосунда 5 жылдык кызматташуу жана өз ара иштөө боюнча меморандумга кол коюшту.


Белгилей кетсек, меморандум биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, илимий пикирлер менен алмашууга, министрликтен жөнөтүлүүчү адистердин квалификациясын жогорулатууга, ошондой эле Экономика министрлигинин кызматкерлери үчүн обзордук лекцияларды уюштурууга өбөлгө түзөт.


Университетке болгон сапардын алкагында министрдин биринчи орун басарына студенттердин техникалык илимдер боюнча кесиптик даярдыгы тууралуу презентация сунушталып, университеттин окуу корпустары жана лабораториялары боюнча экскурсия уюштурулду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн