Бугу 07, 2024
Убакыт: 13:09
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

ЖКнын мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев камакка алынганы айтылууда

14.11.2023 17:04
280
ЖКнын мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев камакка алынганы айтылууда


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиевди Бишкектин Биринчи Май райондук соту УКМКнын тергөө абагына камакка алынганы белгилүү болду. Бул тууралуу “Азаттык” жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, сот атайын кызматтын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Жаныбек Бакчиевди 23-декабрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

УКМК мурдагы депутат кайсы иш боюнча кармалганы тууралуу маалымат бере элек. 

Белгилей кетсек, 56 жаштагы Жаныбек Бакчиев Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Бир Бол” фракциясынан депутат болгон. Ага чейин Мамлекеттик каттоо кызматын 2009-жылы жана экинчи жолу 2011-жылдын январь айынан 2011-жылдын декабрь айына чейин башкарган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн