Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Бакчиевдин камактагы мөөнөтүн 23-мартка чейин узартты. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Бакчиев ушул тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында кармалууда.
Эске салсак, атайын кызмат Жаныбек Бакчиевди 25-октябрда кармаган. Сот алгач аны 23-декабрга чейин камап, кийин тергөө абагындагы мөөнөтүн 23-февралга чейин узарткан эле.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн