Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 15:13
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Экс-депутат Өмүрбек Бакировдун баш коргоо чарасы тандалды

30.08.2023 10:30
434
Экс-депутат Өмүрбек Бакировдун баш коргоо чарасы тандалды


Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бакировго Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу жактоочу Назгүл Сүйүнбаева билдирди.


Анын айтымында, кечээ Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү тарабынан мурдагы эл өкүлүнө өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынган.


«Биз коюлган айыпты негизсиз деп эсептейбиз. Өмүрбек Бакиров бул боюнча акт түзүлгөн тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарбоо келишимин берүүдөн баш тартты. Буга чейин Ош облусунун ички иштер башкармалыгы добуштарды сатып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Бирок пара болгон жок. Эки адам кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Акыркысы сотто менин жактоочум менен тааныш эместигин, ал дагы тааныбай турганын айтты», - деди Назгүл Сүйүнбаева.


Белгилей кетсек, буга чейин БШК эл өкүлүн депутаттык мандаттан ажыраткан

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн