Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин баш коргоо чарасын кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна алып келишти. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди.
Мурдагы өкмөт башчы Абылгазиев мыйзамсыз баюу фактысы менен кармалган. Ал эми Абдил Сегизбаев 6 кылмыш ишинин негизинде кармалганын Башкы прокуратура билдирген.
Бүгүн алардын баш коргоо чарасы сотто каралат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн