Бүгүн, 2-июнда милиция кызматкерлери экс-президенттерди статусунан ажыратууну жактаган "Кыргыз Үмүтү" кыймылынын активисттерине Эски аянтка боз үй тигүүгө уруксат беришкен жок.
Буга чейин активисттер 2020-жылдын октябрь окуясынын "катышуучулары жана курмандыктары" болгондуктан аларга көңүл буруп, жардам берүүнү суранышкан. Алар көңүл бурдуртуу үчүн боз үй тигүүнү чечишкен. Бирок эртең менен эрте милиция бул аракетти токтотту. Активисттер Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБне жеткирилди. Жалпысынан 20га жакын адам.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн