Акаевдин "Центеррада" акциясы бар экенине ишенем. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин экс-вице-спикери Кубанычбек Исабеков "Вести.кг" басылмасына билдирген.
Анын айтымында, Кумтөрдө Аскар Акаевдин же баласынын акциясы бар.
"Эмне үчүн Кумтөрдү иштетүүнү "Центеррага" бериш керек эле? Анткени "Центеррада" Аскар Акаевдин же баласынын 8,4 пайыз акциясы болгон. Алар башында эле өздөрүнүн капчыгына иштөө үчүн "Центерра" менен келишип, өз кызыкчылыгын өйдө койгон. Ал убакта Акаевдин макулдугусуз эч бир документке кол коюлган эмес",- деди Исабеков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн